
Нооруз – жаздын, жаңылануунун жана биримдиктин майрамы!
Добавлено: 20 марта 2025 г.
Бүгүн биздин колледжде Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди.
Ноорузга карата уюштурулган салтанаттуу иш-чаранын алкагында спорттук аятчабызга боз үй тигилди. Ал жактан улуттук оюндар уюштурулуп, улуттук оюндар – аркан тартыш, ордо, чака чапмай, шахмат, тогуз коргоол жана башкалар ойнотулуп, эмгек жамаат күч сынашты. Оюн-зоок кызуу, жандуу мүнөздө өтүп, айлана шаңга бөлөндү.
Кичинекей бөбөктүн тушоосу кесилип, майрамдык маанай ого бетер көтөрүлдү.
Иш-чаранын соңунда колледждин профсоюз комитети тарабынан атайын майрамдык дасторкон жайылды. Нооруз майрамы ыйык Рамазан айына туш келгендиктен, жакшы дуба, тилектер айтылып, окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер, сыйлуу коноктор бир дасторкондун үстүндө ооз ачышты. Бул жөрөлгө Нооруздун биримдиктин жана ынтымактын, жаңылануунун майрамы экенин дагы бир ирет тастыктады.