image
Новости

Нооруз – жаңылануунун, биримдиктин жана молчулуктун майрамы!

Добавлено: 20 марта 2025 г.

Нооруз майрамына  карата колледжибизде "Салам сага, санжыралуу Ноорузум!" аталышындагы салтанаттуу чоң программадагы иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чаранын алкагында жалпы билим берүү бөлүмүнүн кураторлору

Н. Солтонбаева, Ш. Бакеев, Б. Тургунбаева жана Ынак кызы С. жетектеген тайпалар биргеликте улуттук каада-салттарыбызды, маданиятыбызды даңазалаган концерттик программа тартуулашты. Алгач иш-чараны колледждин директору М. М.Долотов ачып, майрамдын улуттук баалуулуктарды даңазалоодогу ролун белгилеп, жаңылануунун майрамы болгон Нооруз майрамы менен бардык катышуучуларды куттуктап өттү. Андан соң, ардактуу ардагерибиз Н.О.Орунтаев куттуктоо сөзүндө Нооруздун кыргыз эли үчүн маанисине токтолуп, окуу жайыбыздын дайыма алдыда болуусуна, өсүп-өнүгүүсүнө тилектештигин билдирди.  Концерттик программадагы кызыктуу оюн-зооктор, шаңдуу ыр-бийлер жана жана улуттук салт-санаабызды чагылдырган көрүнүштөр майрамдын көркүн ачты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө  студенттер гана эмес, окутуучуларыбыз дагы өз өнөрлөрүн тартуулашып, көрүүчүлөргө жагымдуу майрамдык маанай тартуулашты.

Майрам улуттук тамак-аштар боюнча уюштурулган сынак менен да коштолдуСтуденттер ар түрдүү улуттук тамактарды жасашып, ар биринин даамын, жасалышын жана тарыхый маанисин тааныштырышты. Бул сынак катышуучулар үчүн да, калыстар тобу үчүн да абдан кызыктуу болду. Жеңүүчү тайпалар грамоталар менен сыйланышты.

Бул күнү биздин колледждин ар бир мүчөсү Нооруздун чыныгы маанисин сезип, жаздын келиши менен жаңылануунун, биримдиктин жана ынтымактын кубанычына ортоктош болду.

Нооруз ар бир үйгө кут, бакыт жана береке алып келсин!