image
Новости

Мурадил Сыдыков К.Колбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту

Добавлено: 21 ноября 2024 г.

21-ноябрда К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин студенттери Жогорку Кеңештин имаратынын ичине экскурсияга барып, жакындан таанышып келишти. Бул иш-чаранын максаты студенттердин келечекке умтулууларына, максаттарына жете билүүлөрүнө, ар тараптуу өнүгүүлөрүнө, мекенчилдикке тарбиялоо болду. 
Ал жактан Кыргыз Республикасынын Конституциясы жазылган стендде кыскача лекция болуп, эстеликке сүрөткө түшүштү. Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарга ээ болушту.  Студенттер эл өкүлү Сыдыков Мурадил Жанышбекович менен жолугушуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.
Эл өкүлү Мурадил Жанышбекович биздин студенттерге ийгилик, жетишкендик, эл үчүн кызматын аябаган инсандардан болууларын каалады. 
Жолугушуу абдан кызыктуу, жандуу мүнөздө болуп, өздөрүнө жаңы дем, күч алып кайтышты.
Балдардын алдыга умтулууларына максат бере турган мындай иш-чралар дагы да биздин окуу жайда салт катары улана бермекчи.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Сыдыков Мурадил Жанышбекович К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин студенттери менен жолугушту. Жолугушууда автотранспорт, жолго байланышкан учурдун актуалдуу маселелери талкууга алынды. Колледждин студенттерин замандын агымына жараша окутуу, автомобиль жана жол куруу жаатындагы алдыңкы технологияларды киргизүү, бул жагынан алдыга өнүгүп бара жаткан өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу, өлкөдө жол түйүндөрүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардан кабардар болуу, жер-жерлердеги адистердин жетишсиздиги, окуусун бүткөндөрдүн көбү жакшы жашоо издеп, кетип жаткандыктары туурасында сөз болду. 
    Окуу жайдын студенттери жол тыгындарын азайтуу, автобекеттердин алыс болуп калганы, метро жана эстакадаларды куруу маселелерине кызыгышты. Комитеттин төрагасы Мурадил Жанышбекович жол тыгындарын азайтуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясына тапшырмалар берилгени, бүгүнкү күндө бул багытта иштер жүрүп жатканы боюнча айтып берди. Алсак, шаардын ортосунан жарып өткөн темир жолду шаардын сыртына чыгаруу, анын ордуна автострада куруу, метро боюнча максаттар коюлгандыгына токтолду.
Эл өкүлү Мурадил Жанышбекович биздин студенттерге ийгилик, жетишкендик, эл үчүн кызматын аябаган инсандардан болууларын каалады. 
Жолугушуу абдан кызыктуу, жандуу мүнөздө болуп, өздөрүнө жаңы дем, күч алып кайтышты.
Балдардын алдыга умтулууларына максат бере турган мындай иш-чралар дагы да биздин окуу жайда салт катары улана бермекчи.