
Компетенцияларды баалоо борборунун ачылышына арналган тегерек стол болуп өттү!
Добавлено: 21 февраля 2025 г.
21-февралда К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде «Эмгектин квалификациялуу жана коопсуз рыногун түзүүнүн маанилүү этаптары катары эмгек процессин валидациялоо жана көз карандысыз сертификациялоо» темасында тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара Компетенцияларды баалоо борборунун ачылышына арналды!
Бул маанилүү иш-чарага төмөнкүлөр катышты:
1. КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу сертификациялоо жана валидациялоо борборунун директору — Ж.А. Шаматова
2. Өнөктөш-иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү
3. Колледждин жетекчилиги
4. Кызматкерлер, алдыңкы окутуучулар жана студенттер
Борбордун ачылышы адистерди сапаттуу даярдоодо жана алардын эмгек рыногунда ийгиликтүү иштеп кетүүсүн камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат. Эми бардык каалоочулар өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн текшерип, көз карандысыз сертификациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты!
Келечек-квалификациялуу кадрлардын колунда!
Борбордун ачылышы эмнени өзгөртөт?
Бул борбор кесипкөйлөрдү жогорку деңгээлде даярдоого жана аларды эмгек рыногунда ийгиликтүү жайгаштырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Эми каалоочулардын баары кесиптик жөндөмдөрүн текшерип, көз карандысыз сертификат алууга шарт түзүлдү!
Келечек – квалификациялуу кадрлардын колунда!