
Колледждин мугалимдери "Педагогикалык чеберчилик" курсунан ийгиликтүү өтүштү!
Добавлено: 1 сентября 2025 г.
Колледжден 18 окутуучу аталган программага катышып, өз кесиптик деңгээлин жогорулатышты. Белгилей кетчү нерсе, бул окутуучулардын окуу курсуна катышуусу колледждин атайын эсебинен каржыланды.
Курсту ийгиликтүү аяктаган окутуучуларга салтанаттуу түрдө күбөлүктөр тапшырылып, алардын билим берүү тармагындагы эмгеги жогору бааланды.
Күбөлүк алган колледждин окутуучуларын окуу жайдын жетекчилиги да өзгөчө жылуу маанайда куттуктап, алардын билим берүүдөги салымын жогору баалап, алдыдагы кесиптик иштеринде ийгиликтерди каалашты. Бул жетишкендиктер колледж жамааты үчүн чоң сыймык болуп, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана студенттерге заманбап билим берүүгө зор өбөлгө түзөт.