
К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде салтанаттуу туу көтөрүү аземи болуп өттү.
Добавлено: 20 марта 2025 г.
Нооруз майрамын утурлай, К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун жана окуу жайдын туусун көтөрүү салтанаты болуп өттү. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, иш берүүчүлөр жана студенттердин ата-энелери сыйлуу конок катары чакырылып, аземдин күбөсү болушту.
Салтанаттуу иш-чарага колледждин окуутуучулары, студенттери катышышты. Колледждин директору М.М.Долотов аземди ачып, тууларды көтөрүү укугун окуу жайдын мыкты студенттерине тапшырды. Симфониялык оркестрдин коштоосунда Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, туулар салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.
Бул салтанаттуу иш-чарада жарым кылымга жакын окуу жайда эмгектенип, 20 жылдан ашык директорлук кызматты аркалаган Н.Орунтаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, окуу жайдын мындан ары да өнүгүп-өсүүсүнө тилектештигин билдирди.
Кыргыз Республикасынын жана колледждин туулары ар дайым бийик желбиреп,дем-күч берип,
бизди жаңы жеңиштерге, бийиктиктерге шыктандырып турсун!