image
Новости

Билим күнүңүздөр кут болсун!

Добавлено: 1 сентября 2025 г.

Урматтуу окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер!
Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы – 1-сентябрь – Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Билим- келечектин ачкычы, ар бир адамдын жашоосундагы ийгиликтин жана мүмкүнчүлүктүн башаты болуп саналат.
Биздин колледжде билим менен тарбияны айкалыштырып, жаркын келечекке жол ачуу — баарыбыздын максатыбыз.
Жаңы окуу жылы ар бирибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы максаттарды жана жаңы жеңиштерди тартууласын!
Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык дем, ишиңиздерде ийгиликтерди каалайбыз!
Студенттерибиздин талыкпас билимге умтулуп, шыктануу менен зор жетишкендиктерди багындырууларына тилектешпиз!
Билим күнүңүздөр кут болсун!