
27-февралда БАЖК колледжинде ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маанилүү жолугушуу болуп өттү.
Добавлено: 27 февраля 2025 г.
27-февралда К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маанилүү жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору М.М. Долотов катышуучуларды тааныштырып, жолугушуунун маанисине токтолду. Андан соң, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы, милициянын подполковниги Сайтходжаев Бахрам Хамитович айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, жол кырсыктарынын негизги себептери, аларды алдын алуу чаралары жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалымат берди.
Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрү студенттерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол эрежелерин так сактоо маданиятын калыптандыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү.
Бул иш-чарага төмөнкү кызмат адамдары жана ички иштер органдарынын ардагерлери катышты:
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Саидов Тынычбек Мадаминович
Ички иштер органдарынын ардагерлери Темиров Калысбек Жалилович жана Сардаев Кеңешбек Шаршеевич
Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Тешебаев Раимбек Шарипович жана Бишкек шаарынын МККБнын бөлүм башчылары;
Студенттер жол кыймылынын коопсуздугу боюнча конокторго өз суроолорун берип, талкуу жандуу жана кызыктуу форматта өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында, колледждин жетекчилиги жол коопсуздугун камсыздоого кошкон зор салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн чакырылган конокторго ыраазычылык каттарын тапшырды.