
23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү!
Добавлено: 21 февраля 2025 г.
Бүгүн, 21-февралда, К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде өзгөчө майрамдык маанай өкүм сүрдү! Ата мекенди коргоочулар күнүн утурлай окуу жайыбыздын чоң залында салтанаттуу иш-чара болуп өттү!
Майрамдык иш-чарада колледждин директору М.М. Долотов жалпы эмгек жамаатыбызга, студенттерибизге куттуктоо сөзүн айтып, элибизде тынчтык, ынтымак өкүм сүрүшүн каалады. Ошондой эле, е студенттерди мекенчил,эли-жерин сүйгөн эр-азаматтардан болууга үндөдү.
Иш-чара окуу жайыбыздын окутуучулары А.А.Жусупова жана А.Ж.Жакыповалар жетектеген тайпалардын студенттеринин күчү менен даярдалган концерттик программа менен уланды. Кеченин жүрүшүндө мекенге арналган ырлар ырдалып, ийиктей чимирилген кыздарыбыз өз өнөрлөрүн тартуулашып, бийлери менен көрүүчүлөрдү суктандырды. Согушта мекен үчүн курман болгон жоокердин эрдиги тууралуу чакан сценка көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Салтанаттын сыйлуу коногу, КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарбия иштер башкармалыгынын нускоочусу, улук прапорщик Бегалиев Мирлан Жашасынович патриоттук ырлары менен майрамыбыздын көркүн ачты. Мирлан Жашасыновичке чек ара коопсуздугун камсыз кылуудагы үзүрлүү эмгеги, окуу жай менен тыгыз кызматташып, келечек муундун мекенчилдик сезимин ойготууга кошкон салымы үчүн Ыраазычылык кат тапшырылды.
Бул күн – Ата Мекенди коргоочуларга урматтоо жана ыраазычылык билдирүү күнү! Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
#23Февраль #АтаМекендиКоргоочуларКүнү #БАЖК #ПатриоттукРух #Кыргызстан